super.kg logo

Өзбекстанда 20 жылдан кийин адаттан тыш ысык аба ырайы катталды

 

Өзбекстанда акыркы 20 жылдан бери алгачкы жолу адаттан тыш ысык аба ырайы катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык кечээ, 29-июнда саат 13:20 чамасында "Машикудук" метеорологиялык станциясында 47,1 градус ысык аба ырайы катталган.

Мындан тышкары Кашкар-Дарыя облусундагы "Мубарак" метеостанциясында 45,9 градус, ал эми Бухара облусунда 46,6 градус аптап байкалган. Аба ырайынын мындай жогорку чеги акыркы 20 жылдыктагы абсолюттук көрсөткүч.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын аймагындагы эң жогорку рекорддук температура 1943-жылы Кызылкум чөлүндө катталган (49 градус ысык).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: