super.kg logo

Юрий Шатуновдун өлүмүнө жакын жаздырган акыркы чыгармасы жарык көрдү

 

Белгилүү "Ласковый май" тобунун солисти Юрий Шатуновдун өмүрүнүн аягында жазылган акыркы ыры жарыкка чыкты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

"Каждому свое" аталышындагы ырды Шатунов өлүмүнөн бир канча жума мурда жазып бүтүргөн. Аталган эмгек ырчынын жаңы чыга турган альбомуна кирери күтүлүп жаткан. Бирок жакындары ырды өзүнчө чыгаруу чечимин кабыл алышканы кабарланды.

"Ал ырды жакында аягына чыккан. Бул анын эң акыркы эмгеги. Биз аны биринчилерден болуп уктук. Жакында Юранын досторун жана жакындарын чакырып, ырдын бет ачарын жасайбыз", - деп билдирген маркум ырчынын продюсери Аркадий Кудряшов.

Аталган ыр Юрий Шатуновдун өзүнүн YouTube каналында 29-июнда жарыяланган. Учурда чыгарманын жарыяланганына 14 гана саат болсо да 700 миңден ашык угарман топтогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: