Кара-Көлдө 2-топтогу майып сабалып, ооруканада көз жумду
Кара-Көл шаарында 34 жаштагы 2-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран белгисиз адам тарабынан сабалып, ооруканада көз жумду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 26-июндан 27-июнга караган түнү кулап түштү делип ооруканага жаткырылып, 29-июнда өзүнө келбей каза болуп калган.
Бул окуя боюнча Кара-Көл ШИИБи тарабынан алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлүп, өзү жыгылбай эле белгисиз болуп жаткан жаран тарабынан сабалганы такталган.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (денеге оор залал келтирүү) негизинде сотко чейинки текшерүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө жана издөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.