super.kg logo
  Саясат  

Ош ОИИББи: Митинг аяктап, элдин басымдуу бөлүгү тарады

 

Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын берген маалыматына ылайык, шаардын борбордун аянтындагы митинг аяктап, элдин басымдуу бөлүгү тарап кетти. Укук коргоо органдарынын айтымында, митингчилер Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы боюнча бийликке убакыт берип, аянтка боз үй тигишти. Азыркы тапта 200-300гө жакын жаштар облустук администрациянын алдында турушат. Аны менен катар милиция кызматкерлери да турганын кошумчалашты.

Эске салсак, бүгүн, 2-декабрда депутат Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митинг өтүп жатат. Ага болжол менен 5 миңдей адам катышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык 20-ноябрда кармалган. 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутатты баш коргоо чарасы менен 2 ай камоо чечимин чыгарган. Адвокаттардын депутатты үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчү Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөн эле.

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык соту депутат Ахматбек Келдибековдун ишин карап чыгып, Октябрь райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Сот өкүмүнө ылайык Ахматбек Келдибеков 2014-жылдын 19-январына чейин УКМКнын тергөө абагында отурат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: