Прокуратура: "Нарында капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекетке 4 миллион сомдон ашык зыян келтирген"
Нарын облустук курулуш башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мамлекетке 4 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген факты аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери Кочкор районуна караштуу Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылына спорт залын курууда өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан.
Натыйжада мамлекетке жалпысынан 4 миллион 473 миң 536 сом зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.