super.kg logo

Жылнаама. 3-декабрь: Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү

 

*1368-жылы 3-декабрда Франциянын “жинди” атка конгон падышасы Карл VI төрөлгөн. Ал өлкөнү 1380-жылдан баштап башкара баштаган. 1392-жылдан тартып өзүн алып жүрүүсү мезгил мезгили менен өзгөрүп, кээде өзүн элден башкача алып жүрө баштаган. Маалыматтарга караганда  Карл VIнын апасы  Жанна де Бурбон психикалык оорудан жабыркаган. Ошондон улам оору апасынан өтүшү мүмкүн деген сөздөр айтылган.

* 3-декабрь, 1960-жылы Кыргызстандагы биринчи кышкы лыжа базасы ачылган. Ал лыжа базасы Воронцовка кыштагы менен Кашка-Суу айылдарынын ортосунда орун алган. Кышкы спорт түрүнө таандык базада биринчилерден болуп “Алга” спорт коомунун спорттук буюмдарын убактылуу колдонууга берүүчү күркөсү иштей баштаган.

* 3-декабрь, 1963-жылы ЖКнын IV чакырылыштагы депутаты ("Ак Жол" партиясынан) Улугбек Ормонов жарык дүйнөгө келген. Ал Өзгөн районундагы Кеңеш айылынын  кулуну.

 

*“Аталар керээзи”, “Ээнсиреген үй” тасмаларынын режиссёру Нурбек Эген 1975-жылдын 3-декабрында жарык дүйнөгө келген. 

 

 

*1983-жылдын 3-декабрында “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2006, 2008-жылдардын супер ырчы айымы” наамдарынын ээси Неля (Нуркулова Элмира) жарык дүйнөгө келген. Ал сахнага “Жок, жок”, “Балалыгым” аттуу ырлары менен кадам таштаган. Ырчы Урмат Усеновдун жубайы, бир кыз, бир уулдун энеси.

 

*1992-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 3-декабрды Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү деп жарыялаган. Учурда Бишкек шаарынын каттоосунда 12 миң 700 мүмкүнчүлүгү чектелгендер бар. Алардын ичинен 5734ү I-II-III топтогу майыптар. Ал эми 2804ү көрүү жана угуу сезимдери жабыркагандар. КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны жылдан-жылга өсүүдө. Эгерде алардын саны 2008-жылы 120 миң 274 адамды түзсө, 2012-жылы ал көрсөткүч 149 миң 688 адамды түзгөн.

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: