Борбордо мектеп окуучусун сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте мектеп окуучусун сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу 3-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 28-ноябрда Мерседес-Бенц 500 унаасын айдап бара жаткан 29 жаштагы И.Азат Ахунбаев көчөсүнөн 7-класстын окуучусун сүзүп кеткен. Аталган факты боюнча материалдар Бишкек ШИИБинин иликтөөчү бөлүмүнө өткөрүлдү.
Эске салсак, 28-ноябрда саат 09:30дар чамасында Ахунбаев көчөсү менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде айдоочу 13 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен. Жаракат алган бала №3-балдар ооруканасына кайрылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.