super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-ИЮЛЬ: Борт коштоочулар күнү

 

Борт коштоочулар күнү. Буга ишенүү кыйын болсо керек, бирок учактагы жүргүнчүлөрдү тейлеген кызматтын пайда болгонуна дээрлик 94 жыл болду. Тактап айтканда, 1928-жылдан баштап Германияда учак жүргүнчүлөрүнө кызмат көрсөтүү үчүн атайын адам алына баштаган. Ага чейин коопсуздук маселесинен улам борт коштоочунун милдетин экинчи учкуч аткарып келген. Алгач бул кызматка мыкты ресторандарда иштеген официанттар алынган.

1930-жылдан тартып АКШда бул жумушка сулуу кыздарды тартуу башталган. Бул авиакаттамдарды жарнамалоого жакшы шарт түзгөн. Ошондой эле айымдардын салмагынын жеңил болушу да маанилүү болгон. Учурдагы стюардессалар сырткы келбетинин сулуу болушу, мүнөзү жана кесиптик деңгээлине карата жумушка алынат. Борт коштоочулардын башкы максаты жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.

12-июлдун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: