super.kg logo

Социалдык тармактардагы алдамчылыкты кантип аныктоо керек? Милиция жооп берет

 

Ички иштер министрлиги алдамчыны кантип аныктоонун жана интернеттеги алдамчылык аракеттерден коргонуунун эрежелерин эскертет.

Маалыматка ылайык, кылмышкерлер социалдык тармактарды кылмыш жасоо үчүн активдүү колдоно башташты. Интернеттеги эң популярдуу кылмыш – бул алдамчылык болуп саналат.

Кылмышкерлер адамдардын психологиясын жакшы билишет. Өз баракчаларыбызга өзүбүз жөнүндө маалыматтарды жайгаштырганда, аны ким колдоно алат деп ойлонбойбуз.

"Социалдык тармак аркылуу сизге зыяндуу программаларга, алдамчылык ресурстарга жана колдонмолорго шилтемелер келип, тез арада акча которууну суранган маалымдама келет.

Эгер досторуңуздардын баракчасы бузулган болсо, мындай билдирүүлөр алардан келиши мүмкүн. Сунушталган шилтемеге өтүүдөн же акча которуудан мурун, маектешиңиз менен башка жол менен байланышып, учурда алардын баракчасы аркылуу ким байланышып жаткандыгын тактаңыз", - деп жазылган маалыматта.

Кылмышкерлер социалдык тармактарда жана таанышуу сайттарында маалыматтарды көрсөткөн жана ойдон чыгарылган адамдардын сүрөттөрүн жайгаштырган баракчаларды түзүшөт. Бул баракчалар аркылуу алар сайттын башка колдонуучулары менен таанышышат. Убакыттын өтүшү менен кылмышкерлер ишенимге кирип, маектешин “жакыныраак” байланышка өтүүнү сунушташат жана телефон номерин калтырышат.

"Мындай байланыштын эң зыянсыз натыйжасы номер акы төлөнүүчү болуп, сиздин эсебиңизден акча которулушу мүмкүн. Мындан да жаманы маектешүүнүн натыйжасында сиз жеке маалыматтарды жөнөтүп, коркутуунун курмандыгы болуп калышыңыз да мүмкүн.

Мындан тышкары кылмышкерлер балдарга каржылык жардам сурап кайрылуу, кайрымдуулук акцияларын уюштурумуш болуп ушундай сыяктуу себептерди көп колдонушуп келет, андыктан жардам көрсөтүүдөн мурун аталган иш-чаралар уюштурулуп жаткандыгы тууралуу алдын ала маалыматтарды тактоо зарыл. Ошону менен бирге бир нече байланыштын (телефондор, электрондук почта билдирүүлөрү, социалдык медиа баракчалары), тастыктоочу документтердин бар экендигине көңүл бурууну эскертебиз", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: