Өлкөдө ПЧР-тест тапшыруунун баасы арзандады
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде ПЧР-тест тапшыруунун баасы төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ПЧР-тестти эми болгону 490 сомго тапшырууга болот. Бүгүндөн тарта бир ПЧР-тесттин баасы төмөндөтүлдү жана азырынча Оорулардын алдын алуу департаментинде гана тапшырылат.
Мурда баасы 788 сом болгон.
Эскерте кетсек, COVID-19га акысыз ПЧР анализ тапшыруу социалдык статусуна карата акысыз медициналык-санитардык жардам алуу укугу бар категориядагы жарандарга тийиштүү:
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
- Баткен окуяларынын катышуучуларына; Эмгектин ардагерлерине;
- 70 жаштан жогору курактагы улгайган жарандарга;
- «Баатыр эне» орденинин ээлерине;
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга - көрүүсү, угуусу боюнча 1, 2-топтун майыптарына;
- 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга;
- АИВ/СПИД менен жашаган адамдарга;
- 6 жашка чейинки балдарга;
- Жетим балдарга;
- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.