super.kg logo

13 жаштагы кыздын колдон-колго өтүп зордукталышы: Сот жабык өтүүдө

 

Бүгүн, 13-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот отуруму жабык өтүүдө.

Учурда сот отуруму башталып, ага журналисттер киргизилген жок.

Кечээ, 12-июлда өткөн соттук отурумда шектүүлөр күнөөнү моюндарына алышкан эмес.

Эске салсак, буга чейин 13 жаштагы кыздын зордуктоого кабылгандыгы боюнча кабар желдей тараган. Анда "Дордой" базарындагы кароолчу зордуктагандыгы айтылган.

Андан соң кыздын ата-энеси SUPER.KG порталына бул окуя тууралуу 13 жашар кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөндөрүн айтып беришкен. Алардын айтуусунда, мындай көрүнүш өткөн жылдын август айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланган.

Учурда кылмышка шектүүлөрдүн баары тергөө абагына камалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: