Миң-Кушта 150 тонна көмүрдү мыйзамсыз ташып бара жаткандар кармалды
Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагында жайгашкан Ак-Улак көмүр кенинен мыйзамсыз көмүр ташып бараткандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жасалма документтерди колдонуу менен көмүр казып ташуу менен алектенген К.Ж.С, М.у.А жана Т.у.М аттуу Кыргыз жарандарынын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду.
Тактап айтканда, 150 тонна көмүр ташып бараткан жеринен 5 оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары С.С.С, К.Н.А, К.И.М, И.Н.И жана А.у.К кармалган. Учурда тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.