Бишкекте таанышынын 62 миң долларын алып качып жүргөн жаран кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-январында М.Т. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал А.Н. аттуу жаран 2020-жылдын 20-ноябрында ишенимге кирип, 2 бөлмөлүү 2 батирди сатып берем деген шылтоо менен, 62 миң доллар суммасындагы акча каражаттарын ээлеп алган. Ошондон кийин убадасын аткарбай, ушул убакка чейин жүргөн жерин жашырып келген.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин (алдамчылык) негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Шектүү 2021-жылдын 9-августунда издөөгө алынган.
Кылмышка шектелип 1982-жылы туулган А.Н. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.