super.kg logo

Бишкекте акча уурдоого шектелип, 26 жаштагы жаран кармалды

 
Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 16-июнунда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын Б.Ч. аттуу тургуну белгисиз жарандарга чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазып кайрылган.
Арыз ээси 15-июндан 16-июнга караган түнү болжол менен түнкү саат 03:00дөн 04:00гө чейин белгисиз адамдар Бишкек шаарынын Ала-Арча көчөсүндө жайгашкан үйүнө терезеси аркылуу кирип, ичинде арыз ээсинин наамындагы паспорту жана банктык картасы болгон капчыгын жашыруун уурдап кетишкен. Ошондой эле 69 миң сом накталай акчасын алып, андан кийин белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген.
Аталган факты (уурдоо) беренеси менен каттоого алынып кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган З.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: