super.kg logo

Ысык-Көлдө түнкүсүн эс алуу жайларында жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, айып салынды

 

Ысык-Көлдүн курорттук аймагында "Өспүрүм-түн" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара түн ичинде ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн балдарды аныктоо максатында уюштурулган. Профилактикалык рейд негизинен курорттук аймактарда жайкысын түнкү оюн-зоок мекемелери иштеген жайларда өттү.

3 күндүк рейддин жүрүшүндө өспүрүмдөр түнкүсүн көп чогулчу компьютердик салондор, түнкү клубдар, кафелер, дискотекалар, сейил бактар жана скверлер сыяктуу жайлар текшерилди. Натыйжада ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн 12 бала аныкталган. Дайынсыз жоголгон 2 бала табылып, ата-энелерине кайтарылып берилди.

Рейддин жыйынтыгында 5 протокол түзүлүп, ата-энелердин ар бирине 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Башка аныкталган фактылар боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн башка мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: