Америкалык турист вулканга кулап кетти. Ал эс алууга үй-бүлөсү менен барган
Америкалык турист вулкандагы кратерге кулап, жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 23 жаштагы Филипп Кэрролл аттуу америкалык турист үй-бүлөсү менен эс алып Италиядагы Везувий вулканына барган. Турист жанар тоонун кырынан селфи кылганы жатып, телефонун түшүрүп алган жана аны алууга аракеттенгенде өзү дагы вулкандын кратерине кулап кеткен.
Куткаруучулар келип туристти алып чыгышкан. Анын колу-буту сыйрылып, белинен жеңил жаракат алган.
Туристтер коопсуз жол менен эмес, тыюу салынган кооптуу жолго түшүп алгандыгы айтылат.
Кошумчалай кетсек, Везувий вулканы Италиядагы эң активдүү вулкан жана дүйнөдөгү эң коркунучтуу жанар тоолордун бири болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.