super.kg logo

Чек арадан Казакстанга 11 тонна кумшекерди мыйзамсыз алып бараткандар кармалды

 

Өлкөдөн 11 тонна кумшекерди мыйзамсыз алып чыгып бараткан жарандар кармалды. Бул тууралуу мамлекетик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Ак-Жол-Автожол” көзөмөл өткөрүү жайына Кыргыз жарандары 1991-жылы туулган Т.У. жана 1992-жылы туулган С.Н. аттуу жарандардын башкаруусундагы 2 жүк ташуучу Мерседес-Бенц унаасы келип токтогон. Айдоочулар чек арачыга коштоочу документтерди көрсөтүшкөн. Анда унаада ун азыктары (китлап) болгондугу аныкталган.

Чек арачылар унааларды текшерүү учурунда ун азыктары салынган кутулардын артына катылган (китлап) 11 тонна кумшекерди таап чыгышкан. Айдоочулар жасалма документтер менен Кыргызстандан Казакстанга кумшекерди мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылышкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин айдоочулар менен жүк кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдарга өткорүлүп берилди.
Эске сала кетсек, министрлер кабинети алты айга өлкөдөн кумшекерди жана чийки камыш кантты экспорттоого убактылуу тыюу салган. Токтом кумшекерди Кыргызстандын аймагынан массалык түрдө экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана кумшекердин баасын кармап туруу максатында иштелип чыккан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: