super.kg logo

Акыркы 6 ай ичинде Бишкекте 1340 жол кырсыгы катталды

 

Акыркы 6 ай ичинде Бишкек шаарында 1340 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Исаков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жарым жыл ичинде жол кырсыгынан 21 адам каза болуп, жабыр тарткандардын саны 1726га жеткен. Бул былтыркы жылга караганда 3 пайызга өскөн.

Ошондой эле жол эрежесин бузган жарандардын 723 учуру катталган. Мындан тышкары, июнь, июль айларында мектеп окуучуларынын катышуусунда жол кырсыгы катталбаганы, айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган 2 учур болгону айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: