Ала-Букада 5 жашар кызга ыплас аракеттерди жасаганга шектелип 40 жаштагы жаран кармалды
Ала-Бука районунда 5 жашар кызды алдап, ага ыплас иш-аракеттерди жасаган деген шек менен 40 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, милицияга 32 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 13-июль күнү саат 16:00 чамасында 5 жашар кызына белгисиз жаран балмуздак жана шириндиктерди алып берип, жакын жерде жайгашкан бакка ээрчитип кирип, ыплас аракеттерди жасагандыгын билдирген.
Бул факты боюнча дароо кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын натыйжасында Ала-Бука районунун 40 жаштагы тургуну К.Н. кармалган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.