super.kg logo

Ысык-Көлдө 62 жаштагы кароолчуну сабап, тоноп кеткенге шектелип 26 жаштагы жаран кармалды

 

Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында ишкананын кароолчусун сабап, тоноп кеткенге шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 6-июнь күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө шаардагы ишканалардын бирине түн ичинде белгисиз адам кирип, кароолчуну сабап, пневматикалык мылтыгын тартып алгандыгын тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге милициянын тергөө-ыкчам тобу барып, аталган ишкананын 62 жаштагы кароолчусун суракка алышкан. Анын көрсөтмөсүнө ылайык, 5-июндан 6-июнга караган түнү болжол менен саат 03:00дөн 04:00гө чейинки аралыкта ал уктап жаткан бөлмөгө белгисиз адам кирген. Аны ойготуп, өзүн укук коргоо органдарынын өкүлү катары тааныштырып, бөлмөнү тинтүүгө алган. Керебеттин матрасынын астынан пневматикалык мылтыгын таап, мылтыктын кундагы менен кароолчуну уруп-сабай баштаган. Белгисиз адам кароолчуну сабагандан кийин, анын пневматикалык мылтык жана окторун алып, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми ур-токмокко кабылган кароолчу тоноочуну өзгөчө сүрөттөп бере алган эмес.

Аталган факты Каракол ШИИБинин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Натыйжада оор кылмышка шектүү жаран аныкталып, мурда соттолуп, шарттуу түрдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Каракол шаарынын 26 жаштагы И.З. аттуу тургуну колго түшүрүлдү.

Суракта шектүү жаран күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, андан далил зат катары пневматикалык мылтык алынды. Ошондой эле ал 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: