super.kg logo

Кыргызстанда оор дартка чалдыккан 10 жаранды Түштүк Кореяга дарыланууга жиберүү пландалууда

 

Бүгүн, 15-июлда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Корея Республикасынын Кемён университетинин Донгсан медициналык борборунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мекемеден билдиришет.

Билдирүүдө айтылгандай, жолугушууда тараптар медициналык билим берүү тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле жолугушууга Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Сыдыков жана ушул эле окуу жайдын Эл аралык байланыштар департаментинин жетекчиси Бакыт Келдибеков катышты.

Кыргыз улуттук университети менен кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында Кемён университети Кыргызстанга Донгсан медициналык борборунун дарыгерлерин жиберди. Дарыгерлер тубаса жүрөк кемтиги, тубаса сол жак эрин жана таңдай жырыгы сыяктуу патологиялык оорулары бар балдарды жана аялдарды текшеришти.

Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз мамлекеттик университетинин демилгеси менен Кыргызстандын оор дартка чалдыккан 10 жаранын Түштүк Кореяга дарыланууга жиберүү пландалууда.

“Июнь айында өкмөт эки оорукананы ЖОЖдорго өткөрүп берди. Ош мамлекеттик университетине Ош шаардык ооруканасын, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына Саламаттык сактоо министрлигинин балансындагы Улуттук онкология жана гематология борбору менен Республикалык диагностикалык борбору берилди”, - деди министр Бейшеналиев.

Эл аралык кызматташуу департаментинин директору Сон Дэ Гу кызматташууга, билим берүү программаларына көмөк көрсөтүүгө, адистерди даярдоону жакшыртууга даяр экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: