Токтогулдагы түзөтүү мекемесинде бал өндүрүлүп, пескоблок чыгарылууда




Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы №52 жатак абагында бал өндүрүлүп, пескоблок чыгарылып жатат. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматынан кабарлайт.
Анда жазылган маалыматка ылайык, мекеменин балансында Толук айылында жайгашкан 50 бал челек бар. Быйыл 600 килограмм бал алуу пландалууда. Мындан тышкары пескоблок чыгарууда да жолго коюлуп, ага беш соттолгон адам тартылып, эмгектенип жатат.
"Быйыл пескоблоктон 40 миң даана чыгарылат. Бардык иштер мекеменин атайын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүп жатат. Ошонун негизинде түшкөн пайда соттолгондордун шарттарын жакшыртууга жумшалат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.