Кудайберген Базарбаев Ооганстандан 1 жарым миң этникалык кыргыз көчүп келерин айтты
2024-жылга чейин Ооганстандын Кичи жана Улуу Памир аймагынан 1500 этникалык кыргыздарды (400 үй-бүлө) көчүрүп келүү пландалууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйында билдирди.
"Этникалык кыргыздар үчүн үй курууга быйылкы жылы 77 миллион 220 миң сом бөлүнөт. Бул каражатка Ош облусундагы Кашка-Суу айылынын (70 гектар) аймагында 30 турак үй курулат", - деди министр.
Анын айтымында, бул багыттагы иштерге 244 миллион 530 миң сом сарптоо пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.