Нарында 16 күндөн бери изделип жаткан карыянын сөөгү табылды



Нарында 29-июндан бери изделип жаткан 80 жаштагы карыянын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июлда Нарын дарыясынын жээгинен 16 күндөн бери изделип жаткан 80 жаштагы Т.Ж. аттуу карыянын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилген.
Эске салсак, 80 жаштагы карыя үйүнөн кечинде чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Аны издөө учурунда кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылган.
Мындан улам ӨКМнын Нарын облустук башкармалыгынын Нарын шаардык жана райондук бөлүмдөрүнүн куткаруучулары жана туугандары менен биргеликте бир нече топторго бөлүнүп, дарыя жээктеп батышты карай издөө иштерин жүргүзүп келишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.