super.kg logo

Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөөлөр киргизилет

 

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 20-21-июль күндөрү Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Ысык-Көл" аэропортунун Чолпон-Ата каттамында делегациянын өтүү маалында гана жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, жол боюнда кароосуз калтырылган унаалар эвакуацияланат.

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Ысык-Көл облусунун тургундарын жана конокторун өтүп жаткан иш-чараларга түшүнүү менен мамиле жасоону өтүнөт.

Жолдо жүрүү эрежелерин жана маданиятын сактаңыз. Унаа каражаттарын жол боюнда кароосуз калтырбоо, жасалма тыгындарды жаратпоо, башка жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздыктарды жаратпоо үчүн жолдун каршы тилкесине чыкпоо эрежелерин сактаңыз", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: