super.kg logo

"Сулайман-Тоо” музейинин жетекчи кызматына сынак жарыяланды. Коюлган талаптар

 

“Сулайман-Тоо” улуттук тарыхий-археологиялык музей комплексинин башкы директорун дайындоого талапкерлердин документтерин кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Комплекстин башкы директорунун кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:

- гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство багыттары боюнча жогорку кесиптик билими;

- музейлердеги иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес же маданият жана искусство чөйрөсүндөгү жетекчилик кызмат орундарында иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес;

- илимий даражасынын болушу артыкчылыктуу.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

- “Сулайман-Тоо” музей комплексин өнүктүрүү программасы;

- резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),

- автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

- кадрларды эсепке алуу баракчасы;

- нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

- паспорттун көчүрмөсү.

Бардык документтер 25-июль күнү саат 18:00гө чейин тапшырылышы керек.

Белгилей кетсек, буга чейин комплекстин башкы директорлук кызматын аркалап келген Султанбек Абдрахманов ээлеген кызматынан бошотулуп, Өзгөн шаарындагы “Өзгөн” мамлекеттик тарыхий-маданий музей коругунун директору болуп дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: