super.kg logo

Ысык-Көлдө казак спортчусунун жол кырсыгынан каза болушу: Милиция окуянын чоо-жайын айтты

 

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы Комсомол айылында болгон жол кырсыгы боюнча маалымат берди.

Милициянын маалыматында бүгүн, 16-июль күнү саат 07:40та Булан-Сөгөтү жана Бостери айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталды деген маалымат түшкөн.

"Бишкек шаарынын 41 жаштагы тургуну У.А. Лексус 330 үлгүсүндөгү унааны чыгыштан батышты көздөй айдап бара жатып, Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 97-чакырымында Ниссан-Микра үлгүсүндөгү унааны каптал жагынан сүзүп, андан кийин жол жээгинде келе жаткан казакстандык 58 жаштагы Д.М. аттуу спортчуну сүзүп алган. Казакстандык спортчу окуя болгон жерден каза тапкан", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты Ысык-Көл РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, чогулган материалдар тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп берилген. Тийиштүү экспертизалар дайындалды жана айдоочулар алкоголдук ичимдиктерди ичкендигин же ичпегендигин тастыктоо үчүн медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүлүүдө.

Буга чейин SUPER.KG порталына окуянын күбөлөрү Комсомол айылына жакын жерде Lexus RX 300 унаасынын айдоочусу казакстандык спортчуну өлтүрө сүзгөндүгүн билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: