super.kg logo

Бишкекте телефон үчүн адамды башка таш менен урган жаран кармалды

 

Бишкек шаарында тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 16-июлга караган түнү болжол менен саат 02:55 чамасында 1978-жылы туулган М.С аттуу жаран кайгуул кызматкерлерине жардам сурап кайрылган. Анда Жаш Гвардия жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран башына таш менен катуу уруп, “Редми- А5” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө тартып алгандыгын билдирген.

Жарандын кайрылуусу боюнча, кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган Ж.У. аттуу жаранды кармашкан.

Ал тергөө кызматына өткөрүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: