super.kg logo

Актёр Нуржаасын Жумагулов бөйрөгүнө операция жасатуу үчүн Түркияга учуп кетти

 

Бүгүн, 17-июлда актёр Нуржаасын Жумагулов бөйрөгүнө операция жасатуу үчүн Түркияга учуп кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Абалым азырынча жакшы, гемодиализ алып жатам. Айдын башында баралы деп план коюп жатканбыз. Бирок Түркияда Курман айт майрамын 10 күн майрамдашкандыктан 8-июлдан 18-июлга чейин иш күн эмес экен. Ошол себептен бүгүн, 17-июлда учууну чечтик", - деп жазды ал.

"Мегатой", "Миң бир түн", "Жетикс", "Напарниктер" жана башка кинолордо роль ойноп, спектаклдерде образ жараткан актёр 2 жылдан бери бөйрөк оорусу менен жабыркап келет. Анын эки бөйрөгү тең жабыркагандыктан учурда гемодиализ алууда.

Белгилей кетсек, 28-июнда Кыргыз драма театрында актёрго колдоо көрсөткөн кайрымдуулук концерти өткөн. Актёрго апасы же бөлөсү донор болору белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: