super.kg logo

Ысык-Көлдө мечиттин сыртында токтоп турган Toyota унаасын уурдап кеткенге шектүү кармалды

 

Ысык-Көлдө иш сапары менен жүргөн кайгуул кызматкерлери унаа уурдап качууга шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 16-июль күнү Чоң-Сары-Ой айылынын 1965-жылы туулган Т.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү болжол менен саат 04:45 чамасында Чоң-Сары-Ой айылындагы мечиттин сыртына Тойота Карина үлгүсүндөгү унаасын токтотуп, таңкы намазын окууга кирип, кайра чыккан учурда унаасын белгисиз адам айдап качып кеткенин билдирген.

Жазылган арыздын негизинде кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аталган унааны Чолпон-Ата шаарынын күн чыгыш тарабынан А.Н. аттуу жаран айдап бара жаткан жеринен кармалып, андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн тергөө кызматына жеткиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: