super.kg logo

Бишкекте 14 жаштагы кыз 12-кабаттан кулап кетти

 

Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 14 жаштагы кыз кулап каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 17-июль күнү саат 02:50 чамасында 102 кызматына Жал кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанынан кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу дароо барган.

Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, ушул эле күнү саат 02:35 чамасында 2007-жылы туулган Ж.Ж. аттуу кыз Жал кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан кулап кетип, алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: