super.kg logo

Министр үй-бүлөлүк зомбулук 29 пайызга азайганын айтты

 

Кылмыштуулуктун көрсөткүчү 47 пайызга, ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктар 29 пайызга азайды. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Министр былтыр 6 айда 43 миң 159 кылмыш катталса, быйылкы жылдын алты айында 22 миң 634 кылмыш катталганын, кылмыштын катталуусу былтыркыга салыштырганда 20 миң 525 кылмышка аз экендигин айтты.

Ошондой эле ИИМдин башчысы үй-бүлөлүк зомбулуктардын азайганын кошумчалады.

Коомчулук арасында дайыма көңүлдүн борборунда болуп келген үй-бүлөлүк зомбулуктарды азайтууга карата иш-аракеттер көрүлүп, натыйжада бул багыттагы кылмыштарды 29 пайызга азайтууга жетиштик”, - деди ал.

Ниязбеков уурулук, бейбаштык өңдүү кылмыштарды болтурбоо жана уюшкан кылмыштуулукка бөгөт коюу үчүн өлкө боюнча аймактарда 2 миң 141 видео камералар орнотулуп, ишке киргенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: