Кыргызстандын "Жаш канат" ансамбли Витебск шаарында өткөн эл аралык сынакта экинчи орунду ээледи
Беларусь өлкөсүндө өткөн "Славян базары" эл аралык сынагынын алкагындагы Dream Dance Fest иш-чарасында кыргызстандык "Жаш канат" элдик хореографиялык ансамбли экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу аталган иш-чаранын расмий сайтында жазылат.
Маалыматка ылайык, Витебск шаарында өткөн сынакка 17 коллектив 19 номер тартуулашкан. Алардын ичинен биринчи орунду Армениянын "Нанэ" ансамбли ээлесе, үчүнчү орунду Казакстандын "Шалкыма" ансамбли багындырган. Ал эми Гран-приге Орусиянын ансамбли татыды.
.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.