super.kg logo

Чүйдө жарандарга баңгизаттардын зыяндуулугу эскертилип, талаадагы кара куурайлар өрттөлдү

 

Чүй облусунда жарандарга баңгизаттардын зыяндуулугу эскертилип, талаадагы кара куурайлар өрттөлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-июлда Чүй районунун аймагында жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп, натыйжада райондун аймагында жапайы өскөн кара куурайлар өрттөлүп жок кылынды.

Жергиликтүү тургундарга дагы баңгизаттардын зыяндуулугу, аны сактоо, даярдоо жана сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганы эскертилген. Ошондой эле Чүй РИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Кегети, Шамшы жайлоолоруна жана “Гавайи” эс алуу борборуна келген коноктор жана туристтер менен жолугушууларды уюштурушуп, алардын ар кандай түшүнбөгөн суроолоруна жооп беришип, коопсуздук боюнча кеңештерди беришкен.

"Милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдүн сууга түшүүсүнө тыюу салынган көлмөлөргө, дарыяларга, каналдарга, агын сууларга "Сууга түшүүгө болбойт!" деген эскертүү такталарын орнотушуп, өспүрүмдөргө коопсуздук чаралары боюнча айтып беришти.

Ал эми Кошой, Султан, Ленин-Жол жана Талды-Булак айылдарынын жашоочулары менен жолугушууда үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепеттери жана аларды алдын алуу, ККМ аппаратын соода-сатык түйүндөрүнө колдонуу боюнча маалыматтар берилип, жаралган суроолорго так жооптор берилди", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: