super.kg logo

Эне тилге эки мүнөт: "Тил эмизүү", "Орой көз чарай" фразеологизмдеринин маанисин билесизби?

 

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабызда фразеологизмдердин маанисин чечмелөөнү улантабыз. Бул жолу "Тил эмизүү", "Таңкы куйруктан, азыркы өпкө", "Орой көз чарай" туруктуу сөз айкаштарынын маанисин карайбыз. Жогорудагы фразеологизмдердин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев түшүндүрүп берди.

Тил эмизүү - натыйжасыз, курулай убада бере берип ишти узартуу, алдоо, куру бекер үмүткөр кылып, көпкө создуктура берүү. Мисалы, Жаңыдан курулуп жатат, - деп тил эмизип келе жатканына үч жылдан төрт жылга аяк басты.

Таңкы куйруктан, азыркы өпкө - ар нерсенин өз убагындагысы жакшы деген мааниде. Мисалы, Асмандын башын айтып, башты оорутпачы, таңкы куйруктан азыркы өпкө деген.

Орой көз чарай - көзмө-көз, бүт бардыгы чогуу турганда, элдин көзүнчө, эл алдында, эч кимден жашыруун эмес. Мисалы, Орой көз чарай дегендей, бардыгыңар мында турасыңар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: