super.kg logo

Ысык-Көлдө 64 жаштагы жаран майыптыгы бар кызды зордуктаган. Экспертизанын жыйынтыгы чыкты

 

Майыптыгы бар жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча 64 жаштагы жаран 1 айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"ДНК-экспертиза жүргүзүлгөн. 64 жаштагы жаран зордуктоого, башкача айтканда өлүк төрөлгөн ымыркайдын атасы экени боюнча корутунду чыкты. Анын жыйынтыгы менен 1958-жылы туулган Түп районунун тургуну кармалды.

Соттун чечими менен аны 1 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда", - дешти мекемеден.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Түп районунда кошунасы жашы жете элек майып кызды зордуктаган деп шектелген кабар чыккан.

Кош бойлуулуктун бешинчи айында 16 жаштагы кыз кансырап ооруканага түшкөн. Өспүрүмгө операция жасалып, бирок баласын сактап калууга мүмкүн болгон эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: