Ысык-Көлдө 4 жаштагы кыз сууга чөгүп кетти
Ысык-Көлдө 4 жаштагы кыз сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 18-июлда Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен.
"Жерине 10 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок.
Бүгүн, 19-июлда издөө иштери улантылат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.