super.kg logo

Журналисттер айыл чарба министринен кыргыз тилинде маалымат берүүнү талап кылышты

 

Бүгүн, 19-июлда Айыл чарба министрлиги, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер боюнча маалымат жыйыны өтүүдө.

Жыйында журналисттер айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдон кыргыз тилинде маалымат берүүнү өтүнүштү.

Аскарбек Жаныбеков маалымат берүү үчүн сөз алганда жыйында отурган журналисттердин бири "Кыргызча деле түшүнөбүз. Эне тилибизде эле сүйлөсөңүз. Бул жакта дээрлик бардыгы кыргыздар эле отурабыз. Кыргыз тилин Москва деле түшүнөт" - деди.

Ага күлүмсүрөп макул деген министр Жаныбеков өз сөзүн кайрадан орус тилинде улантты.

Бүгүнкү күндөрү министрлер кабинетинин 2022-жылдын биринчи алты айында аткарган иштери тууралуу отчёттук жыйындары өтүүдө. Буга чейин өкмөттүн басма сөз кызматынан 18-июлдан 28-июлга чейин бардык министрликтер биринчи жарым жылдын жыйынтыгы тууралуу коомчулукка отчёт берерин билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: