super.kg logo

Айыл чарба министри алдыда аткара турган 9 негизги ишти атап өттү

 

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков аталган министрликтин маалымат жыйынында 2022-жылдын экинчи жарым жылдыгында алдыга койгон негизги милдеттерин атап өттү.

1) Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында өлкөдө азык-түлүк товарлары боюнча ай сайын талдоо жүргүзүү, учурдагы кырдаалга мониторингди өз убагында жүргүзүү жана сунуштарды киргизүү;

2) Социалдык маанилүү азык-түлүк товарлары боюнча камсыз кылуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү;

3) Күздүк буудайдын үлүшүн жалпы аянттын 30 пайызына чейин көбөйтүү зарылдыгын эске алып, 2023-жылдын түшүмүнө күздүк айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап себүү түзүмүн иштеп чыгуу;

4) Түшүм жыйноо кампаниясын уюшкандыкта жана өз убагында жүргүзүүнү камсыздоо;

5) Айыл чарба малдарына тоют камдоо чараларын көрүү;

6) Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү, селекциялык иштерди жандандыруу, малдарды жасалма жол менен уруктандырууну турукту жүргүзүү;

7) Эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо, малдардын ылаңдарына алдын ала профилактикалык чараларды өткөрүү, жаныбарлардын идентификациясын толук өткөрүүнү камсыздоо. Асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу, зыяндуу отоо чөптөргө каршы иштерди жүргүзүү;

9) Айыл чарба багытында иштетилбей калган жерлерди айыл чарба айлануусуна киргизүү, ирригациялык объекттерди оңдоо, калыбына келтирүү иштерин өз убагында жүргүзүү.

Жаныбеков өз сөзүндө Айыл чарба министрлигинин аткарган иштеринин негизги жыйынтыктары экинчи жарым жылдыкта көрүнөрүн белгилеп өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: