super.kg logo

Айыл чарба министри: "Казакстандан гуманитардык жардам катары берилген үрөн дыйкандарга сатылды"

 

Кыргызстандын дыйкандарына Казакстандан гуманитардык жардам катары берилген үрөн сатылды. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйында билдирди.

Жарандык активист Атай Бейшенбек министрге суроо берип, министрлик Казакстан гуманитардык жардам катары жөнөткөн үрөндөрдү саткан деп айыпталып жатканын билдирди. Анда министр маалыматты тастыктады. Анын айтымында, чындап эле казактардын үрөнү сатылган.

"Алардын көлөмү 1000 тоннаны түзсө, Кыргызстанда 450 миң дыйкан бар. Бул баарына жетишсиз болмок. Баарына бирдей шарт түзүү үчүн бул үрөндөр башкалар менен кошо 42 сомдон сатылды", - деп жооп берди чиновник.

Быйыл Кыргызстанга жалпысынан 24 тоннадан ашык ар кандай айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү жеткирилгенин Аскарбек Жаныбеков билдирди. Алар үч өлкөдөн алып келинген: Орусия, Өзбекстан жана Казакстан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: