super.kg logo

23 жаштагы Айжан Чаначева "Miss Earth 2022" сулуулар сынагына өлкө атынан катышат

 

23 жаштагы Айжан Чаначева Филиппинде өтүлүүчү "Miss Earth 2022" сулуулар сынагына өлкө атынан катышат. Бул тууралуу "Мисс Кыргызстан" улуттук сулуулар сынагынын дирекциясы билдирди.

"Айжан Чаначева - теги Нарындан, Бишкекте туулуп-өскөн. Кичинекей кезинен астрономия жана финансы боюнча шаардык, мектептик олимпиадаларга активдүү катышып, 7 жашынан баштап хореография менен алектенген. 2020-жылы КУУнун Кыргыз-Европа факультетинин эл аралык бизнести башкаруу адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган. Окууну аяктагандан соң гранттык негизде Кытайда, Тайванда окуусун уланткан.

Ал акыркы эки жылдан бери Тайванда жашайт, окуудан тышкары Тайвандагы моделдик агенттикте модель болуп эмгектенет. Айжан Чаначева англис, түрк жана орус тилдеринде эркин сүйлөй алат.

Анын бою 178 сантиметр, 16 жашынан бери модель болуп иштеп, мода көргөзмөлөрүнө, жарнамалык съёмкаларга катышып келет. Бишкектеги "Avanto Models" моделдик агенттиги менен тыгыз иштешет, дефиле сабактарын берет", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "Miss Earth 2022" сулуулар сынагы Филиппинде 2001-жылы негизделген. Жыл сайын бул сынак БУУ тарабынан колдоого алынат.

Өткөн жылы Кыргызстандын атынан "Мисс Кыргызстан 2019-2020" улуттук наамынын ээси Екатерина Заболотнова катышкан. Бирок, коронавирустук чектөөлөргө байланыштуу былтыр сынак онлайн режиминде өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: