Бишкекте "Ихсан" кооперативинин жетекчисинин тарапташтары митингге чыгышты
Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил багында "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчисинин тарапташтары митингге чыгышты.
Алар аталган турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаеванын камактан бошотулушун талап кылышууда.
Ошондой эле тарапташтары кармалган адамдын СИЗО-1ден элге жазган кайрылуусун окушту.
"Жүзгө жетпеген адам арыз жазып, мени каматса, азыр миңдеген үлүш ээлери колдоп жатканына кубанам. Мен ишенем, провокаторлор убагы келгенде өз жазасын алышат. Мени колдоп турган элиме ыраазымын. Сиздердин алдыңарда ар бир акчаңыздардын кайрылышына, үйлүү болушуңуздарга кепилдик берем", - деп жазылат кайрылууда.
Белгилей кетсек, "Ихсан групп ЛТД" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына 209-берене (алдамчылык), 210-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон.
Биринчи Май райондук соту шектүүгө карата эки айга камакта калтыруу чечимин чыгарган.

