Эртең Оштун бир катар аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт (Тизме)
Эртең, 21-июлда Ош облусунун кээ бир аймактарында оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт.
"Ошэлектр" ААКсынын маалыматына ылайык, төмөндөгү аймактарда саат 8:00дөн 18:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
Араван районунун Чек-Абад, Төбө-Коргон айыл өкмөттөрүндө.
Ноокат районунун Абшыр-Ата айылында.
Кадамжай районунун Марказ, Масалиев, Чаувай айыл өкмөттөрүндө.
Кара-Суу районунун Кашкар, Кызыл-Мээнет айылдарында.
Ош шаарынын Ак-Тилек, Черемушки кичи райондорунда, Курманжан-Датка, Мамыров, Атабаев, Калинин, Ахмедов, Моминов, Амир Тимур, Абдувалиев, Мирзаев, Юбилейная, Закиров, Абдыкадыров, Пролетарский, Пахта-Абад, Тоголок Молдо, Курчатов, Молдо Нияз, Санкт-Петербург, Степная, Алиев көчөлөрүндө.
"Ошэлектр" ААКсы убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.