Чүйдө Айдана Абдыжапарова 5 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө
Чүйдө Айдана Абдыжапарова 15-июлдан бери дайынсыз болуп изделүүдө. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинен билдиришти.
Ага ылайык, милицияга 17-июлда апасы арыз менен кайрылган. Анда 2004-жылы туулган кызы 15-июлда Пригородный айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айтып, издөөгө көмөктөшүүнү өтүнгөн.
Белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы, көзү кара.
Кийген кийимдери: кара футболка, кара шым, жашыл түстөгү жайкы бут кийим.
Айдана Абдыжапарова тууралуу маалымат билгендер төмөнкү номурларга кайрылса болот: 0312363523; 0999210709.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.