super.kg logo

Ноябрдан тарта өспүрүм кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө пландалууда

 

Ушул жылдын ноябрь айында өспүрүм кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө пландалууда. Бул тууралуу кечээ, 20-июлда саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков "Вакцина сенин келечегиң үчүн. Жатын моюнчасынын рагын токтотолу" аталышындагы конференцияда билдирди.

Касымбековдун айтымында, пландуу эмдөө дүйнө жүзү боюнча коомдук саламаттыкты сактоонун үнөмдүү стратегиясы болуп саналат. Аны ишке ашыруу ден соолукту чыңдоо жаатындагы башка медициналык кийлигишүүлөр менен салыштырганда балдардын оорусунун, өлүмүнүн жана майыптыктын деңгээлин кескин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Вакцина 11 жашта жасалат. Вакцинаны киргизүүнүн биринчи жылында эмдөө боюнча илимий-техникалык эксперттик топ дагы 12-14 жаштагы кыздарды эмдетүүнү сунуштаган.

Мекеменин маалыматына караганда, жатын моюнчасынын рагы аялдар арасында кеңири таралган илдеттердин төртүнчү сабында жана дүйнө жүзү боюнча коомдук саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйү болуп саналат. Маселен 2020-жылы бул оорунун 604 миңге жакын жаңы учуру катталып, 342 миң аял каза болгон. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 500гө жакын аял жатын моюнчасынын рагы менен жабыркайт.

Жатын моюнчасынын рагы аялдардын онкологиялык өлүмүнүн негизги себеби болуп саналат. Илдеттин кесепетинен жылына орточо эсеп менен 300 бейтап көз жумат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда оорунун деңгээли Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана ДСУнун Европа аймагындагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: