super.kg logo

Улуттук банк жарандарды чет элдик валютаны алмаштырууда сак болууга чакырат

 

Улуттук банк жарандарды тиешелүү лицензиясы жок, атайын жабдылбаган пункттардан нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү учурлары көбөйгөндүгүнө байланыштуу алмашуу операцияларын жүзөгө ашырууда сак болууга чакырат. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтына жазылды.

Андагы маалыматка ылайык, алмашуу операцияларын уруксат берүүчү документтерсиз жана атайын жабдылбаган пункттардан жүргүзүү мыйзамсыз болуп саналат.

"Мындай операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган. Мындан тышкары Улуттук банктын лицензиясы жок жеке жактардан чет өлкө валютасын алмашуу көмүскө экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөт, бул өз кезегинде бюджеттик түшүүлөрдү төмөндөтүп, өлкөнүн кызыкчылыгына зыян келтирет.

Ошондой эле жеке адамдардын жабдылбаган пункттарда алмашуу операцияларын жүргүзүүсү талап-тоноо, алдамчылык сыяктуу терс натыйжаларга алып келиши, жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтириши мүмкүн. Анткени мындай алмашуу операцияларына кылмыштуу элементтер (жасалма акча жасоочулар, алдамчылар) катышуусу мүмкүн.

Коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын бөлүмдөрүндө жана Улуттук банктын лицензиясына ээ алмашуу бюролорунда алмашуу операцияларын жүргүзүү коопсуз болуп саналат. Анткени бул уюмдарга карата Улуттук банк жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон талаптарды белгилейт жана алардын ишине көзөмөл жүргүзөт.

Эгерде сиз лицензиясыз ишти, анын ичинде атайын жабдылбаган пункттардан алмашуу операциясын жүзөгө ашырууга туш болсоңуз же күбө болсоңуз, бул тууралуу Улуттук банктын +996 501 89 00 00 номеринде катталган WhatsApp-каналына же mail@nbkr.kg электрондук дарегине билдирүү жөнөтүүнү өтүнөбүз", - деп жазылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: