super.kg logo
  Саясат  

Борбор Азия өлкө башчыларынын жолугушуусунда келишимге беш президенттин үчөө кол койду

 

Бүгүн, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Президенттер биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын өлкө башчылары Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзийоев XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Ал эми Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери Эмомали Рахмон менен Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндөгү ички иштери аяктагандан кийин бул документке кол коюшат.

Мамлекет башчылары ошондой эле көп тараптуу форматтардын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүү концепциясын, Борбордук Азия үчүн “Жашыл күн тартиби” регионалдык программасын жана 2022-2024-жылдарга регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасын бекитүү чечимин кабыл алышты.

Мындан тышкары Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Аралды сактоо эл аралык фондунун президенти катары Эмомали Рахмондун ыйгарым укуктарын узартуу чечимине кол коюшту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: