Эски кийимдерди өрттөгөн. Бишкектин четиндеги айылдардын биринде 4 үй катары менен күйдү (сүрөт)









Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылында 4 дача катары менен өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришет.
Билдирүүгө ылайык, Беш-Күнгөй айылынын Труд көчөсүндө жайгашкан №116, 117, 118, 129 дачалардан өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө жалпы 2 бөлүм тартылган. Аталган айылдагы 4 турак үй толугу менен өрттөнүп, 100 чарчы метр аянттагы кургак чөп күйгөн.
Күбөлөрдүн айтымында, коңшулардын бири эски кийимдерди өрттөп, мындан чыккан жалындын учкундары кургап турган кургак чөпкө андан үйлөргө өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.