super.kg logo

Төө-Ашуудагы тоннелде 5 күн унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет

 
Бишкек-Ош жолун оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу К.Көлбаев атындагы тоннелде 5 күн унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чектөө 22-27-июль күндөрү күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн жолду оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу киргизилет.
22-июль күнү:
саат 4:00дөн 6:00гө чейин,
саат 10:00дөн 12:00гө чейин,
саат 14:00дөн 16:00гө чейин.
23-27-июль күндөрү:
саат 23:00дөн – 01:00гө чейин,
саат 02:00дөн – 04:00гө чейин.
Калган убакта каттам толугу менен ачык болот.
"Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражаттарына чектөө киргизүү боюнча аргасыз чарага түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Күз-кыш мезгилинде жол кыймылынын үзгүлтүксүз жана коопсуз болушу үчүн жол оңдоо иштери жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: