"Жүрүм-туруму жаккан эмес". Бишкекте коомдук транспортто жүргүнчү бычакталды
Бишкекте коомдук транспортто жүргүнчүнү бычактаган жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жаңжал коомдук транспортто орун алган пикир келишпестиктен улам келип чыккан.
"Шектүү О.А аттуу жаранга коомдук транспортто кол салган. Тергөөнүн жүрүшүндө кол салган адамга коомдук транспортто өзүнүн жүрүм-туруму боюнча эскертүү жакпай, ортодо чыр чыкканы аныкталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөн", - деп билдиришти облустук милициядан.
Бул кылмышка шектелип кармалган Ж.Ж. аттуу адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.